22- Март 2001 -жылы
америкалык мультипликатор Уильям Ханна каза болгон
Америкалык мультипликатор Уильям Ханна 90 жашында Лос-Анжелесете каза тапкан. Уильям Ханна менен америкалык аниматор Жозеф Барбера “Том менен Жерри” мультсериалынын башкы каармандары Том менен Жерринин "аталары" катары белгилүү болушкан.
“Том менен Жерри” мультсериалы 1940-жылдан бери экрандан түшпөй келген. Томду Ирвин Спенс деген сүрөтчү күзгүдөн өзүн карап, мимика, кыймылдарын көрүп тарткан. Ал эми мышыкты Кеннет Мьюс тарткан. Томдун 1-сериядагы аты Жаспер, Жерриники Жинкс болгон. Кийин гана персонаждардын атын өзгөртүшкөн. Мультфильмдин күйөрмандарынан келген каттарга ал кезде аты чыга элек актёр Жек Николсон жооп берип турган. 2001-жылы Уильям Ханна каза болсо, 2006-жылы Жозеф Барбер каза таап, бирок алардын сериалы узак убактыка шедеврге айланган.