Дүйнөлүк кинематографиянын шедеврлеринин бири "Өкүл ата" ("Крёстный отец") тасмасынын премьерасы болуп өткөн. Бул тасманы тартууга жалпысынан 6 миллион доллар сарпталса, прокаттан 268,5 миллион чогулткан. Ал эми жетишкендиктери тууралуу айта турган болсок, үч номинация боюнча "Оскар" сыйлыгына арзып, андан башка 19дан ашуун ар кандай сыйлыктарга ээ болгон.