Советтик жана орусиялык актёр, юморист Ефим Шифрин Магадан областындагы Нексикан кыштагында атасы сүргүндө жүргөн кезде туулган. 1966-жылы Шифриндердин үй-бүлөсү Латвияга көчүп келип, Юрмалада жашап калышат. Ал жактан Ефим Шифрин мектепти бүтүрүп, 1973-1974-жылдары Латвия мамлекеттик университетинде филология факультетинде, ал эми 1974-1978-жылдары мамлекеттик цирк жана эстрада искусствосу окуу жайында окуган. Ал эми 1980-1985-жылдары ГИТИСте билим алган.