“Токто, жаным” деген ыры менен таанылган ырчы Данияр Эрматов Ош облусундагы Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Оштогу Кыргыз-Кытай гуманитардык институтунун бажы бөлүмүнө тапшырган.
Данияр Эрматовдун репертуарындагы ырлары "Жалгызым", "Жүрөгүм", "Неге?" жана башка. Ырчылыктан сырткары тасмаларга продюсерлик кылып, актёрлук менен да алектенет. "Салам, Бишкек!" аттуу тасманын продюсери болсо, "Салам, Бишкек!-2" тасмасында роль жаратканга үлгүргөн.