1- Апрель 1976 -жылы
голландиялык футболчу жана машыктыруучу Кларенс Зеедорф туулган
Голландиялык футболчу жана машыктыруучу Кларенс Зеедорф Голландиянын Парамарибо шаарында туулган. УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тарыхында 3 түрдүү клубдун курамында жеңүүчү аталган жалгыз оюнчу (1995-жылы "Аякс" менен, 1998-жылы "Реал" менен 2003 жана 2007-жылдары "Милан" менен). Карьерасында Голландия курама командасынын курамында 87 оюнга чыккан. Клубдук карьерасында голландиялык "Аякс", италиялык "Сампдория", испаниялык "Реал", италиялык "Интер", "Милан" клубдарында ойноого үлгүргөн. 2014-жылы бразилиялык "Ботафого" клубунун курамында футболчулук карьерасын жыйынтыктаган. Ушул эле жылдын 16-январында италиялык "Милан" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп дайындалган.