26- Март 1987 -жылы Футболчу Эмил Кенжесариев туулган
Кыргызстандык футболчу, карьерасынын мыкты жылдарын Казакстанда өткөргөн Эмил Кенжесариев Кант шаарында туулган. Уулунун кызыгуусун көргөн апасы Чолпон аны 6 жашында Владимир Александров аттуу машыктыруучунун колуна берген. Ал кезде футбол секциясына балдар 8 жаштан алынса да, машыктыруучу анын талантына карап секцияга кабыл алып, 8 жаштагы балдарга кошуп койгон. Эмил Бишкектеги атайын адистештирилген №60-мектепте окуган. Мектепти бүтүп-бүтпөй, 2003-жылы канттык “Абдыш-Атада” топ тоголото баштайт. Ал эми улуттук курамда тушоосун 2004-жылы кескен. 
Эмил Кенжесариев Кыргызстандын чемпиондугунда 2003-жылы дебют жасап, 2004-жылы "Мыкты футболчу" аталган. Кыргызстан курама командасы үчүн 3 оюнда 1 гол киргизген. 2009-жылы Казакстандын жарандыгын алып, "Актөбе" клубуна кирген. Ага атактуулук “Актөбе” клубунда ойноп жүргөндө келген. 2008-2011-жылдар аралыгында ал клуб үчүн 140 оюн өткөрүп, 25 гол жараткан. Клубдун курамында 4 ирет (2006, 2008, 2009, 2013) өлкө чемпиондугун, 1 ирет (2008-жылы) өлкө кубогун уткан.
Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгүнө дароо операция жасалган. 
2014-жылы 15-январда "футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган" деген шек менен кармалган Казакстандын жараны, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген 20 жаштагы Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан