11- Май 1969 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев төрөлгөн

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев 1969-жылы 11-майда Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды айылында туулган. Ал 1993-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1998-жылы Орусия Федерациясынын президентинин алдындагы Орусия мамлекеттик кызмат академиясын "политология" адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек ишмердүүлүгүн 1992-жылы "Асаба" эркин гезитинде кабарчы болуп баштаган.

1994-1995-жылдары президенттин басма сөз кызматынын референти;

1996-жылы басма сөз кызматынын жетекчиси;

1996-1999-жылдары президенттин басма сөз катчысы;

1999-2004-жылдары "Учкун" АКсынын президенти;

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2005-жылы Жогорку Кеңештин депутаты;

2008-2010-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору;

2010-2015-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты;

2015-жылы "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан