1- Апрель 1976 -жылы
америкалык Стив Жобс өнөктөшү Стив Возняк менен бирге "Apple Computer" компаниясын негиздеген
Америкалык Стив Жобс өнөктөшү Стив Возняк менен бирге Apple Computer компаниясын негиздеген.
Аракетчил 15 жаштагы Стив Жобс Стив Возняк менен биргеликте 1970-жылдардын ортосунда “MOS Technology 6502” үлгүсүндөгү өздөрүнүн алгачкы компьютерин иштеп чыгышкан. Тун товарынын жүзгө жакынын сатууга жетишип, чакан каражат топтой алышат. Ошентип, 1976-жылы алардын ишканасы каттоодон өтөт.
Ишкананын “Аpple” деген аталышы англис тилинен которгондо кадимки эле биз жеп жүргөн "алма" дегенди билдирет. 2007-жылга чейин 30 жыл бою компания “Apple Computer” деп аталып келген. Андан кийин ишкана компьютерден башка да техника каражаттарын чыгара баштагандыктан, “сomputer” деген сөз алынып салынган. Компаниянын мындай аталып калышын алар "чыгарган товарларыбыз экологиялык жактан таза экендигинде" деп түшүндүрүшөт. Компьютер чыгаруу тармагында бул ишкана эски тетиктерди кайра иштеткен биринчи компания.