Кыргыз адабиятында фантастика жанрына чыйыр салган жазуучу Кусейин Эсенкожоев Жети-Өгүз районунда туулган. Орто мектепти 17 жашында бүтүрүп, Кыргызстан Мамлекеттик педагогикалык институтуна тапшырган. К.Эсенкожоев институттун акыркы курсунда окуп жатканда Алматыдагы офицерлерди даярдоочу согуш мектебине жиберилген. Аны кыска мөөнөттө бүтүрүп чыгып, офицердик наам менен фронтко аттанган. Кусейин Эсенкожоев Москва алдындагы катуу салгылашта 1941-жылы жыйырмадан жаңы ашкан кезинде курман болгон.