Немис жазуучусу Патрик Зюскинд Германиянын Амбах шаарында туулган. 1985-жылы жазуучунун "Парфюмер" аттуу романы жарык көрүп, Патрик Зюскиндге атактуулук алып келген. Ал роман 12 миллион тиражда жарык көрүп, 42 тилге которулган. Көптөгөн режиссёрлор авторго роман боюнча тасма тартууну сунушташкан. Бирок, автор макул болгон эмес. Арадан 15 жыл өткөн соң гана өзүнүн досу, белгилүү сценарист Айхингердин сунушуна макул болот. Романдын сценарийин жазып чыгуу үчүн Айхингер жардамга белгилүү продюсер Эндрю Биркинди жана мыкты режиссёр Том Тикверди чакырып, сценарий эки жылда даяр болгон.