Советтик жана орусиялык ырчы, гитарист, рок-музыкант, композитор Александр Барыкин 59 жашында Оренбург шаарында гастролдо жүргөн кезинде каза тапкан. Артисттин өлүмүнүн себеби концерт убагында экинчи ирет инфарктка кабылганы болгон. Расмий маалыматтар боюнча, Александр Барыкин ырдап жаткан ырын араңдан зорго ырдап бүтүп, көшөгө артына өткөн. "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилип, жүрөгүнө операция жасалган. Бирок ырчыны сактап калуу мүмкүн болгон эмес.