Жогорку Кеңештин депутаттары 2011-жылдын 17-ноябрындагы кезектеги жыйынында "7-апрель – Элдик апрель революциясы күнү жөнүндө" мыйзам долбоорун бир добуштан кабыл алышкан.
Депутат Исмаил Исаковдун айтымында, 2010-жылдагы курман болгон баатырларды эскерүү жана өлкөнүн жаштарын патриоттук сезимдерге тарбиялоо максатында бул мыйзам долбоору иштелип чыккан.