31- Март 2011 -жылы
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, ордуна башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Аида Салянова дайындалган
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, ордуна башкы прокурордун милдетин аткаруучу Аида Салянова дайындалган.
А.Салянова Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Ал 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында төрөлгөн. Жогорку юридикалык билими бар, 1991-жылы Фрунзе соода техникумун, 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты, доцент. Эмгек жолун 1992-жылы Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучулуктан баштаган. 1996-жылы Чүй университетинде сабак берип, 1997-жылы Жогорку Кеңеште эксперт катары иштеген. Андан кийин Жогорку Кеңеште бөлүм башчы, Юстиция министрлигинде статс-катчы, 2010-жылы юстиция министри болуп эмгектенген. 2010-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалган.