26- Март 1953 -жылы америкалык дарыгер Жонас Солк полиомиелитке каршы вакцинанын ийгиликтүү сыноодон өткөндүгүн билдирген
Америкалык дарыгер Жонас Эдвард Солк өзүнүн полиомиелитке, балдардын омуртка шал оорусуна каршы ойлоп тапкан вакцинасынын сыноосу ийгиликтүү аяктаганын билдирген.
Полиомиелит – курч өтүүчү жугуштуу оору. Көбүнчө жаш балдар менен өспүрүм курактагы балдар оорушат. Антсе да кичинесинде полиомиелитке каршы эмдөөдөн өтпөй калган чоңдор да ооруну жуктуруп алган учурлар кездешет. Оору борбордук нерв системин, биринчи эсепте жүлүндү жабыркатып, өтүшүп кетсе шалга алып келиши менен коркунучтуу. Полиомиелиттин шалга алып келүүчү (1 пайызды түзөт) жана шалга алып келбөөчү түрү (99 пайызды түзөт) бар.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан