Бул күндү белгилөө жөрөлгөсү Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы менен Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 1989-жылкы демилгесине ылайык жасалып келет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Жер шарында азыр 400 миң чамалуу адам гемофилия дарты менен ооруйт.