Советтик жазуучу, акын, драматург, сценарист жана сүрөтчү Михаил Анчаров Москвада туулган. Бала чагынан музыкага жакын болуп, музыкалык мектепте окуган. 1940-жылы Архитектура институтуна тапшырып, 1941-жылы өз ыктыяры менен согушка барууга арыз жазган. 1944-жылы Кызыл Армияга караштуу чет тилдер боюнча аскердик институтун аяктаган. Ал эми 1945-жылы кытай тилинен котормочу болуп алыскы чыгыш фронтуна жөнөтүлгөн. Согуш аяктаган соң чыгармачылыкка киришкен.