1- Апрель 1809 -жылы Орус жазуучусу Николай Гоголь төрөлгөн
Орус жазуучусу Николай Васильевич Гоголь Полтава губерниясындагы Миргород уездинде помещиктин үй-бүлөсүндө туулган. Н.В.Гоголь бала кезден украинанын кыштактарындагы элдин оор турмушун жакшы билип, жөө жомок, ыр поэмаларды мыкты өздөштүргөн. 1818-жылы Полтава уездик окуу жайында окуп, андан Нежин жогорку гимназиясына кабыл алынган. 1821-1828-жылдары Нежин гимназиясында окуп жүргөндө инсан катары калыптанып, мыкты белгилүү профессор окутуучулардын таасири менен коомдук аң-сезимде өсө баштайт. Нежин декабристердин кыймылынын борборунан алыс турганына карабастан гимназистер А.С.Пушкиндин эркиндикти сүйгөн ырларын, Релеевдин ырларынын духунда чоңойгон, өзгөчө Нежин гимназиясынын Инспектору рим окуусунун профессору Беларусовдун китептери, идеалык көз караштары Н.В.Гогольду толкунданткан. 1828-жылы университетеке тапшыруу үчүн петербургга келет. Бирок жакырчылыктын айынан окууга өтпөй турмуштан абдан кыйналат. 1829-жылы В.Алов деген псевдоним менен “Ганс кьюха гантел” деген поэма жазат. Жазган чыгармасы катуу сынга учурап , кийинчерээк баарын өрттөп жиберет. Гогольдун жазуу манерасы абдан кызыктуу, стили жөнөкөй болгон.
Жазуучунун белгилүү чыгармалары “Өлүү жандар”, “Шинель”, “Тарас Бульба" ж.б.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан