1- Апрель 1939 -жылы
Жазуучу, педагог Антон Макаренко каза болгон
Жазуучу, педагог Антон Семёнович Макаренко 51 жашында каза болгон.
Макаренко Антон Семенович 1888-жылы 1-мартта Украинада туулган. 1920-жылдан тартып Полтавага жакын жерде жашы жетелек кылмышкерлердин эмгек колониясын жетектеген. 1926-жылы ал колония Харьковдун алдындагы Куряжга которулган. 1927-жылдан колониядагы жумушун Харьковдун алдындагы Ф.Э.Дзержинский атындагы балдардын Эмгек Коммунасын уюштуруу менен айкалыштырган. 1928-жылдан Коммунанын жетекчиси, 1935-жылдан баштап УССРинин ички иштер комиссариатынын эмгек колониялар боюнча бөлүмүндө түрдүү кызматтарды аткарган. 1937-жылдардан Москвага келип адабий педагогикалык чыгармачылык менен алек болгон.
А.С.Макаренконун бүт ишмердүүлүгү тарбия практикасы менен байланыштуу болгон. Анын педагогикалык көз караштарынын өзөгүн тарбия процессинин негизги формасы болгон коллектив теориясы түзөт. Макаренко коллективди уюштуруу, тарбиялоо жол-жоболорунун ырааттуу системин иштеп чыккан. Макаренко эмгектеринде үй-бүлө педагогикасынын негизги маселелери болгон үй-бүлө структурасы, анын маданияты, үй-бүлөдө тарбиялоонун методдору да иштелип чыккан. Макаренконун ачылыштары 30-жылдары субьективдүү шарттардан улам кеңири колдонулган эмес. Ага революцияга чейинки педагогика менен алек болот, авторитаризмдик тартипти бекемдөөгө умтулат деген күнөөлөр коюлган. Педагог гуманисттер (П.П.Блонский, В.Н.Сорока-Росинский ж. б.) анын иштин коллективдүүлүк формасы менен ашкере алек болгондугун, революциялык активдүүлүгүн кабыл алышкан эмес. Макаренконун практикасы жөнүндө Н.К.Крупская, А.В.Луначарский ж. б. негативдүү ойлорун билдиришкен. Сынчылардын Макаренконун артынан сая түшүшү "Педагогикалык поэма" жарыкка чыккандан кийин да улантыла берген. 80-жылдардын акырында Макаренконун чыгармачылыгына жаңы позицияда баа берүүгө аракет кылган көптөгөн эмгектер пайда болгон.