
Америкалык ырчы, актриса Мерайя Кэри АКШнын Лонг-Айленд шаарында музыканттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ырчынын ата-энеси музыкага жакын адамдар болгондуктан, кызынын атын дагы ошол кездеги популярдуу "Мерайанын шамалы жана чакырыгы" аттуу ырдан улам коюшкан. Апасы Патрисия жаш кезинде опера ырчысы болгон. Атасы Альфред Рой Керинин канында африкалыктардын да, америкалыктардын да каны бар. Альфред вокалдан сабак берген. Мерайа 3 жашка толгондо ата-энеси ажырашып кетишет. Атасына жакын болуп чоңойгон кыз көп убакытка чейин атасы менен байланышып жүрөт. Бирок, кийин кандайдыр бир себептерден улам атасы менен байланышын такыр үзөт. Ата-эненин таасириби, айтор, Мерайа 4 жашында ырдай баштаган. Ал эми 10 жашында ыр жазууга өткөн. Ошентип, Мерайа кичине кезинен эле ырчы болууну тилек кылып өсөт. Кичинекей карындашынын талантына ишенген Морган анын ырчы болуу тилегин колдогон. Апасы Патрисия кызынын үнүнүн жакшы калыптанышы үчүн кам көргөн. Ырчылыкты алдына максат кылып алган болочок ырчы 17 жашка толгон соң, ырчылык карьераны көздөп Нью-Йорк шаарына келет. Ал жерден Мерайа Бен Маргулис деген музыкант менен таанышат. Бен анын чыгармачылыгына чоң түрткү берет. Мерайанын алгачкы ырларынын автору дагы Бен болгон.
Бир гана чыгармачылык менен жан багуу Мерайага бир топ кыйынчылыктарды алып келген. Ошондон улам кошумча акча табуу үчүн Мерайа официант да болуп иштөөгө аргасыз болот. Бен менен иштешип жүрүп Мерайа Бренд Стар деген ырчы менен таанышат. Бренд Мерайага өзүнүн тобуна бек-вокалист болуп кирүүнү сунуштайт. Башында Мерайа бул сунуштан баш тартууну ойлойт. Бирок, жандүйнөсү музыкага жакын болгондуктан, иштеп жаткан жумушун таштап, топко солист болуп кирет. Чогуу иштешип жүргөндө Бренд белгилүү жылдыздар катышкан кечеге чакыруу алып, ал кечеге Бренд Мерайаны да ээрчитип барат. Дал ошол кечеде Мерайа үчүн чыгармачылыктын эшиги ачылат. Ал жерден ырчы айым "Колумбия" аттуу үн жаздыруучу компаниянын президенти Томми Мотоллага Бренд Мерайанын ырлары жазылган кассетаны берип, угуп көрүүсүн суранат. Томми кассетаны алып унчукпастан "Лимузинине" түшүп кетет. Машинада Мерайанын ырларын угуп бараткан Томми бир кезде айдоочусуна артка кайрылуусун суранат. Томми бейтааныш мукамдуу үндүү ырчынын жүзүн көрүп, таанышкысы келет. Бирок, тилекке каршы, Томми кайтып келгенче Мерайа менен Бренд ал жерден кетип калышкан болот. Ошентип, Томми Мерайаны таппай калат. Үч күндөн кийин Томми Мерайаны издеп таап, аны өзүнүн компаниясына чакырат. Мерайанын үнүн уккан көптөгөн продюсерлер анын талантына баа беришет. Ошентип, Мерайа Томми Мотолланын эски таанышы Рэнди Хоффман менен иштешүүгө келишим түзөт. Ушундан тартып Мерайа өзүнүн альбомун жазууга киришет. Анын биринчи "Мерайа Кери" аттуу альбому чоң ийгиликтерге жетип, ырчыга популярдуулук алып келет. "Ыйлагым келбейт", "Сенсиз", "Сүйүү элеси" деген ырлары радиолордон тынбай кетип, хит-параддардан алдыңкы орундарга жетишет. Ушул эле жылы ырчы "мыкты артист", "мыкты поп-вокалист" наамдарынын ээси болот. Ошондон тартып Мерайя Кэринин ырлары дүйнөгө тарап, ырчы атактуулукка жеткен.