
Театр жана кино актрисасы, эстрада ырчысы СССРдин эл артисти, көптөгөн сыйлыктын ээси Людмила Гурченко жүрөк оорусунан улам, 76 жашында каза болгон.
Людмила Марковна Гурченко 12-ноябрда 1935-жылы Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энеси күндүзү мектептердеги ар кандай салтанаттарды, кечкисин завод, фабрикалардагы кечелерди уюштуруп иштешчү. 23-августта 1943-жылы Людмила биринчи класска барып, 1944-жылы Бетховен атындагы музыкалык мектепке тапшырат. Он жылдык мектепти аяктаган соң Москвага келип, Сергей Герасимов жана Тамара Макарованын адистик мектебине тапшырган.
1956-жылы Людмила Гурченко студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" аттуу музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Кино абдан чоң ийгиликке жетишип, актриса көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон.
Людмила Гурченко убагында жаштардын кумири болгонго жетишкен. Гурченко музыкалык мектептен билим алгандыктан, ырды өзүнүн кереметине жеткирип ырдаган. 1960-жылдары актриса ар кандай кинолорго тартыла баштаган. "Карнавалдык түн" тасмасынан кийин эле "Гитарачан кыз" тасмасына тартылган. 1960-жылдын башында жана 1970-жылдын аягында Людмила Гурченко эл ичинде кеңири таанылган актриса катары эсептелинип, Орусиянын эң алдыңкы актрисаларынын бири болгон. Ошону менен токтоп калбастан, дагы башка тасмаларга тартылуусун уланта берген. Актрисага комедиялык мелодрамаларга тартылууга сунуштар жаай баштаган. Комедиялардан тышкары, актриса, телевизиондук бенефисттерге жана атайын музыкалык программаларга дайыма катышып турган. Гурченко башкалардан ачык мүнөзү, ички дүйнөсүнүн өзгөчө кенендиги менен айырмаланып турган. Актрисанын эң жакшы аткарган иштери деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" ж.б. тасмаларындагы образдар эсептелинет.
2011-жылы Гурченко үйүнүн жанынан жыгылып кетип, жамбашын сындырып алган. Кийинки күнү ооруканага жеткирилип, операция жасалган. 30-мартта актрисанын абалы оорлоп, операцияны көтөрө албай жүрөк оорусу күч алгандыгын доктурлар айтышкан. Тез жардам келип, актрисаны реанимацияга жеткирүүгө үлгүрбөй калышкан. 30-мартта 19:28де актриса 76 жашында каза тапкан. Бул тууралуу жолдошу Сергей Сенин билдирген. Актриса менен коштошуу кечеси 2-апрелде Москвадагы борбордук чыгармачыл адамдардын үйүндө болгон. Актриса Татьяна Шмыгая, Олег Янковский, Вячеслав Тихонов жана башка белгилүү инсандардын жанына коюлган.