1- Апрель 2007 -жылы “QUEST PISTOLS” тобу алгач ирет сахнага чыккан
“QUEST PISTOLS” тобу алгач ирет сахнага чыккан. Топтун курамы Константин Боровский, Никита Горюк, Антон Савлепов. Топтун хитке айланган ырлары – “Ты так красива”, “Революция”, “Я твой наркотик”, “Он рядом”, “Белая стрекоза любви”, “Клетка” ж.б.
Алгач “Quest” балет-бий тобунун солисттери Антон, Никита, Константин үчөө Украинадагы шоу-бизнес ырчыларынын ырларына бийлерди даярдашчу. Креативдүү жигиттерден түзүлгөн балет-бий тобу үч жылдык өмүрүндө бир топ ийгиликтерди багындырып, күйөрман топтоого жетишкен. Бирок жигиттер ыр өнөрүн да багындырууну каалашат. Ошентип, алар Игорь Кондратюктун 1-Апрель – Күлкү күнүнө карата жүрүп жаткан жаш таланттарды тандоо сынагына катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Аталган топ алгачкы жолу 2007-жылы 1-апрелде “Шанс” теледолбоорунда “Я устал” ыры менен көрүүчүлөрдүн 60 миң добушун алып, финалга чыккан. Ошентип, шоу дүйнөгө багыт алган жигиттерди ийгилик күтүп алат.
Топтун биринчи продюсери – украин ырчысы Наталья Могилевская.
“Quest Pistols” оригиналдуу ырлары, жүрүм-туруму менен башка топтордон айырмаланып турган. Топтун мүчөлөрүнүн кийинүү стили, гримдери кимдин гана болбосун көңүлүн бурдурат. Ырларынын тексттеринин көпчүлүгүн Изольда Четха жазган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан