3- Апрель 1971 -жылы орусиялык актриса, алып баруучу Анастасия Заворотнюк туулган
Орусиялык актриса, алып баруучу Анастасия Заворотнюк Астраханда чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Юрий Андреевич телережиссёр, ал эми апасы Валентина Борисовна театр адамы болгон. Настя кичинекей чагында эле “актриса” деген сөздү так айта албаганына карабай кийинки турмушу тууралуу ойлонуп, болочокто белгилүү актриса болууну чечкен. Апасы театрда иштегендиктен, балалыгы сахна көшөгө­сү­нүн артында өткөн. Өзү беш жашар кичинекей кыз болсо да, спектаклдердин баарын жатка билчү. Алтургай кайсы артист кайсы жерден эмнени айтуу керек экендигин да алдын-ала билчү экен. Кийинчерээк мектепте окуп жүргөн учурда ыр-бийге кызыгып, ийримдерге да катышкан.
Астрахань шаарындагы №37-мектепти аяктагандан кийин апасынын кеңеши боюнча ошол эле шаардын педагогикалык институтутунун тарых факультетине тапшырат. Бир жылга жетпеген убакыт билим алгандан кийин мындай чөй­рө­нүн адамы эмес экенине көзү жеткен жана бул жерде башка бирөөнүн ордун ээлеп, өзүнүн кесиптик орду бош турганын түшүнүп, бул окуу жайдан биротоло кол үзүүгө баш байлайт. Настянын мындай чечимин атасы да колдоп, апасына “археологиялык казып текшерүү иштери боюнча Москвага кетип жатабыз” деп искусство институтуна тапшырууга жол тартышат. Алгач ГИТИСке өтпөй калганына кайгырып, кайра Астраханга кетүүнү ойлоно баштайт. Кызынын талантына ишенген атасы МХАТты көздөй багыттаган. Жыйынтыгында, кирүү сынактарынан өтүп, Авангард Леонтьевдин курсуна кабыл алынат. 1993-жылы окуусун ийгиликтүү аяктап чыккан.
Настянын таланттуу экени студент кезинде эле байкалып, 1991-жылы алгачкы жолу “Машенька” фильминде роль ойноп, образ жараткан. Эки жылдан кийин Аркадий Сиренконун “Лихая парочка” комедиясына катышат. Үчүнчү курста “Дон Жуан” спектаклинде ойноого чакыруу алган болсо, төртүнчү курста Владимир Машков Анастасияны өзүнүн театрына чакырып: “40 мүнөттүн ичинде сен таланттуу экениңди мага далилдей алсаң, сага чоң мүмкүнчүлүк берем”,- деген. Настя учурдан пайдаланып, эч кимге окшобогон өзгөчө­лү­гү бар актриса экенин көр­сөтө алган. Бул театр-сту­дия­да Настя 10 жыл толугу менен эмгектенип, ошол убакыт аралыгында 29 спектаклде роль ойноого жетишет.
Кийин “Моя прекрасная няня” сериалында, "Неидеальная женщина", "Служебный роман. Наше время" ж.б. тасмаларында роль жараткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан