3- Апрель 2011 -жылы Советтик жана орусиялык актриса Елизавета Солодова каза тапкан
Советтик жана орусиялык актриса Елизавета Солодова 89 жашында Москвада каза тапкан.
РСФСРдин Эл артисти Елизавета Солодова 1922-жылы 16-январда Кострома областындагы Баглаево кыштагында туулган. 1944-жылы А.В.Луначарский атындагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун аяктаган. 1945-1948-жылдары Таганрогдогу А.П.Чехов атындагы театрда эмгектенген. 1953-жылы "Васса Железнова" тасмасына тартылып, дебют жасаган. Ошондой эле "Дачники", "Романс о влюблённых", "Мелодии белой ночи", "Тихая застава", "Холодное лето пятьдесят третьего..." тасмаларында роль жараткан. Ал эми 1976-жылдан 1994-жылга чейин М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда сабак берген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан