Орусиялык атактуу гимнаст, "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалдын ээси, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери Алина Кабаева Өзбекстандын Ташкент шаарында туулган. Алинанын ата-энеси спортчулар болгон. Атасы Марат Кабаев 1980-1986-жылдары айтылуу "Пахтакор" футболдук клубунда, ал эми апасы Любовь убагында баскетбол боюнча Өзбекстандын улуттук курамында ойногон.