7- Апрель 1954 -жылы Кытай жана америкалык актёр, продюсер Жеки Чан туулган
Кытай жана америкалык актёр, продюсер Жеки Чан Кытайдын Гонконг административдик районунда туулган. 
Жекини апасы 12 ай көтөргөн соң гана операция жолу менен араң төрөгөн. Ошентип, 5 килограмм 400 грамм салмактагы бала жарык дүйнөгө келген. Жеки Чандын төрөлгөндө коюлган аты – Конг Санг Чан, которгондо “Гонконгдо төрөлгөн” деген мааниде. Кичинесинен кунг-фу искусствосуна кызыгып, тасмадагы карьерасын 8 жашында каскадёр катары баштаган. 1970-жылдардын ортосунан баштап чоң ролдорду аткарууга киришип, кийин өзү да тасма тарта баштаган. Бара-бара жалгыз өзү гана аткара ала турган жаңы киножанрды жаратат. Анткени Жеки Чан гана трюктар үчүн өз өмүрүн тобокелге сала алган. 
Жеки – боевиктердин атактуу каарманы. Ал – акробатикалык-согуштук стиль менен комедиялык жанрды айкалыштырган атактуу азиялык актёр.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан