4- Апрель 1985 -жылы Режиссёр Динара Асанова каза болгон
Советтик алгачкы кыргыз режиссёр айым Динара Асанова Мурманскиде лыжа тебүүчүлөрдүн мелдешин тартып жатып, 42 жашында көз жумган. Сөөгү Бишкектеги “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.
Кыргыздын белгилүү кинорежиссёру Динара Асанова “Ленфильмде” иштеп, өмүрүндө 7 кинофильмди тасмага түшүргөн. Анын эң алгачкы “Тоңкулдактын башы оорубайт” фильми Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып, Динара Асанованын ысмы кинорежиссёр катары дүйнөгө белгилүү болгон. 
Динара Асанова 1942-жылы 24-октябрда Фрунзеде туулган. Атасы Колдош Асанов согуштан кайтпай калат. Апасы Марзия Камалова көп жылдар “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеген. Динара Асанова ВГИКти бүтүп, “Кыргызтелефильмге” келгенде, аны “кыз бала экен, кыз баланын колунан эмне келмек эле” дешип, кабыл албай коюшат. Ошондо апасы Марзия Камалова ошол кездеги Маданият министри Күлүйпа Кондучаловага барып, кызымды “Кыргызтелефильмге” жумушка албай жатышат, жардам бериңиз” деп кайрылат. Бирок Кондучалова да, "бул болбогон жумуш” деп көңүл бурбай коет. Ошентип, Динара Асанова “Ленфильмде” калып, дүйнөгө атагы кеткен фильмдерди жаратат. Анын “Жан дүйнөнүн ачкычы” фильми жалкоо мугалимдин образын ачкан курч фильм болгон. Динара Асанова дүйнөгө белгилүү болуп кеткенден кийин гана Кыргызстанга чакыра башташат.
Динара Асанованын “Тоңкулдактын башы оорубайт”, “Боз балдар”, “Сүйүктүүм жана кымбатым”, “Жан дүйнөнүн ачкычы” көркөм тасмалары дүйнөлүк кинонун алтын фондуна алынган. Динара Асанованын Распутиндин чыгармасы боюнча жараткан “Рудольфио” аттуу дипломдук иши да учурунда комиссия тарабынан жогору бааланган. “BBC” телекомпаниясы Динара Асанова тууралу “Динара Асанова” аттуу документалдуу фильм тарткан. Динара Асанованын туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан