
Вашингтон шаарында АКШ, Бельгия, Британия, Голландия, Дания, Исландия, Италия, Канада, Люксембург, Норвегия, Португалия жана Франция мамлекеттери Түндүк атлантикалык келишимге кол коюшкан. Ошентип НАТО согуштук уюму куралган. НАТОго 1952-жылы Греция менен Түркия, 1955-жылы ФРГ, 1982-жылы Испания, 1999-жылы Венгрия, Польша жана Чехия, 2004-жылы Болгария, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения, Эстония өлкөлөрү мүчөлүккө кабыл алынган.
НАТО - North Atlantic Treaty Organization деп чечмеленип, кыргызча Түндүк Атлантика Келишим Уюму дегенди түшүндүрөт.
Кыргыз Республикасы менен НАТО “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында 1994-жылдан бери кызматташууда. Документтер боюнча тараптар коопсуздук, тынчтыкты орнотуу ишмердүүлүгү, чек ара коопсуздугу, террорчулукка каршы күрөшүү жаатында кызматташып келишет. 2007-жылы Кыргызстан НАТОнун Пландоо жана талдоо процесси программасына кошулган. Бул программа куралдуу күчтөрдү реформалоо, аскерлерди даярдоого багытталган.