2- Апрель 1927 -жылы
Венгер футболчусу Ференц Пушкаш төрөлгөн
Ференц Пушкаш Венгриянын Будапешт шаарында төрөлгөн. Футбол менен профессионалдык түрдө алектенүүнү “Кишпешт” клубунда баштаган. 1943-жылдан тарта “Кишпешт” клубунун (азыркы аты “Гонвед” ) башкы курамында ойной баштаган. 1956-жылкы Венгриядагы кандуу окуялардан кийин үй-бүлөсү менен Испанияга сапар тарткан. 1958-жылы мадриддик “Реал” менен келишим түзүп, 1967-жылга чейин ойногон. Андан тышкары, Испаниянын жарандыгын алып, Испания курама командасына ойноо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Венгрия жана Испания курама командаларынын курамында жалпысынан 89 оюн өткөрүп, 84 гол киргизген. Ал эми аталган мамлекеттердин клубдар аралык биринчилигинде 534 оюнда жараткан голдорунун саны 512ге жетет.
Клубдар аралык жетишкендиги катары, “Гонвед” клубунун курамында 5 ирет (1949/1950, 1950, 1952, 1954, 1955-жылдары) Венгриянын чемпиону аталганын жана мадриддик “Реал” менен биргеликте Испаниянын чемпиондугун 5 ирет утуп, Европа чемпиондорунун Кубогунда (Азыркы УЕФАнын Чемпиондор лигасы) 3 ирет жеңүүчү аталганын айтууга болот.
2009-жылдан тарта ФИФА тарабынан берилип келаткан “Жылдын эң кооз голу” сыйлыгы Ференц Пушкаштын атын алып жүрөт.