13- Май 1969 -жылы Фрунзе шаарынын эмблемасын аныктоо үчүн өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы чыгарылган
Фрунзе шаарынын эмблемасын аныктоо үчүн өткөн сынактын жыйынтыгы чыккан. Атайын уюшулган жюри комиссиясы жүздөгөн жарышка түшкөн эскиздерди талдап, акыры бул күнү жеңүүчүнүн ысмы белгилүү болгон. Калыстар тобунун чечимине ылайык Фрунзе шаарынын эмблемасына шаардын башкы сүрөтчүсү С.Бакашевдин долбоору жактырылган. Жарышта жеңген эн белги аябагандай жупунулугу менен калыстар тобунун купулуна толгон. Ага күндүн нуру шекилиндеги дисктин артында желдей жеңил, шамалдай ийкем тулпардын сүрөтү тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан