XVIII кылымдын аяк ченинде гректердин Э.Цаппас аттуу көрүнүктүү адамы жаңы олимпиада оюндарынын жанданышына күч жумшап, 1859, 1870, 1889-жылдары олимпиадалык оюндарды өткөргөн. Бирок, уюштуруу иштери начар жүргөндүктөн, эл аралык мелдештердин деңгээлине жетпей калган. XIX кылымдын ортосунда жана аягында спорт оюндары дүйнөлүк деңгээлде өнүгө баштаган. Олимпияны да кызуу изилдөөгө өтүшкөн. 1894-жылы Парижде Франциянын коомдук ишмери Пьер де Кубертендин демилгеси менен эл аралык конгресс болуп, анда 12 өлкөнүн өкүлдөрү анын пикирин колдоп олимпиялык хартияны (олимпиада оюндарынын эрежеси) бекитишип, Эл аралык олимпиада комитетин (ЭОК) түзүшүп, төрт жылда бир өткөрүүнү чечишкен. Грециянын өкүлү Деметриус Викелас ошол комитеттин биринчи президенти болуп шайланган. Ошол эле учурда биринчи олимпиада оюндарын 1896-жылы Афина шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган.