8- Апрель 1835 -жылы Немис философу, тилчи, мамлекеттик ишмер Вильгельм Гумбольдт каза болгон
Немис философу, тилчи, мамлекеттик ишмер Вильгельм Гумбольдт 65 жашында каза болгон.
Анын негизги эмгектери – "Мамлекеттик ишмердиктин чеги жөнүндө" (1792), "Гетанын Герман жана Доротей эпосуна обзор" (1799), "Тарыхчынын милдети жөнүндө" (1821), "Ява аралындагы кави тили жөнүндө" (1836–1839).
Канттын философиялык окуусун кабыл алганы менен Гумбольдт аны коомдук тарыхтын материалында конкреттештирип жатып, объективдүү материализм жагына оогон. Гумбольдтдун ою боюнча, дүйнөлүк тарых рухий күчтүн натыйжасы болуп саналат. Гумбольдт немис буржуазиясынын либералдык бутагынын өкүлү болгон. Анын феодализмге каршы көз карашы Германияны бириктирүү идеясынан ары чыга алган эмес. Ошондой эле Вильгельм Гумбольдт Берлин Университетинин негиздөөчүсү. Ал ГДРдеги эң ири университеттердин бири, илимий борбору болгон. 1809-жылы негизделип, ага биринчи Вильгельм фон Гумбольдт жетекчилик кылган. Берлин университетинде 7 факультет болгон. 1887-жылы чыгыш тилдери боюнча бөлүм ачылган. Ал университетте Карл Маркс (1836-1841) окуган, Фридрих Энгельс лекцияларга (1841-жылдан кийин) катышкан. Анда атактуу физиктер А.Эйнштейн, Э.Шрёдингер, М.Планк, В.Нернст иштеген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан