13- Май 1977 -жылы Коомдук ишмер Нурланбек Шакиев туулган
Коомдук ишмер Нурланбек Шакиев Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында туулган. 1999-жылы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн. 1996-1997-жылдары "Обон" гезитинде башкы редактордун орун басары, башкы редактор, 1997-1999-жылдары "Учкун" гезитинде башкы редактор, 1999-2004-жылдары "Эркин Тоо" гезитинде башкы редактордун биринчи орун басары, 2005-жылга чейин Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы, 2005-2006-жылдары "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору, 2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы болуп иштеп, 2009-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен "ЭлТР" коомдук телерадио компаниясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалган. Ал эми 2010-жылдын 20-декабрынан 2011-жылдын 23-декабрына чейин КРнын маданият жана маалымат министри болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан