Америкалык актриса, ырчы Мэнди Мур АКШнын Флорида штатындагы Орландо шаарында туулган. Мэнди Мур алгач ырчы катары эл алдына чыгып, 2000-жылдары "So Real", "I Wanna Be with You", "Mandy Moore" жана "Coverage" жыйнактарынан кийин атакка жеткен. Ал эми 2002-жылы актёрдук карьерасын баштаган. Ал "Сүйүүгө шашыл" ("Спеши любить") тасмасында роль жаратып, таланттуу актриса катары көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Ал эми 2003-жылы "Жаш Голливуд" сыйлыгына ээ болгон.