13-майга караган түнү куралданган адамдар түрмөнү күч менен ээлешип, эки миң чамалуу кылмышкерлерди эркиндикке бошотуп жиберишкен. Козголоңчулар облустук администрацияны басып алышып, Андижанда баш аламандык башталган. Өзбекстан бийлиги 13-майда шаарга аскер киргизип, козголоңчулар менен күч органдары ортосунда кагылыштан кан төгүлгөн. Өзбекстандын расмий маалыматында Андижан окуясында 187 адам набыт болгону айтылат. Расмий эмес маалыматтар боюнча анда 800дөй адам каза болгон. Аскердик жазалоодон качкан миңдеген өзбектер Кыргызга келип баш паанек сурашкан.