Түбү мексикалык, бирок канадалык боксчу эсептелген Артуро Гатти (бою 167 см, салмагы 66 кг) Италияда төрөлгөн. Спорттук карьерасында 39 мушташ өткөрүп, 31ин нокаут менен жеңип, 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан.
Бокс чөйрөсүндө "Thunder" (Гром) атанган Артуро алгачкы олуттуу урушту Атлантик Ситинин Convention Hall жайында көрсөткөн. Артуро 1991-жылы профессионалдардын катарына кошулган. Биринчи дебют-беттешүүсүн мексикалык Хосе Гонсалес менен өткөрүп, атаандашын үчүнчү раундда эле техникалык нокаутка учураткан. Кийинки өткөргөн 5 беттешүү да Артурого ийгилик алып келген. Биринчи жеңилүү ызасын Кинг Соломон менен болгон мушташта тарткан. Бирок бул анын духун түшүргөн эмес. Тескерисинче стимул берип, Артуро андан кийин 23 беттешүү өткөрүп, 19ун нокаут менен аяктаган эң сонун уруштарды көрсөткөн.
Биринчи профессионалдык титулун 1994-жылы 28-июнда Meadowlands Conventiоn борборунда супер жеңил салмакта USBA чемпиону, профрингде көрсөткүчү боюнча (25 жеңиш, анын 18ин нокаут менен, 1 жеңилүү) күчтүү боксчу Пит Талиаферр менен беттешүүдө жеңип алган. 1995-жылы 15-декабрда Гатти жеңил салмакта IBF титулу үчүн Трейси Паттерсон менен беттешүүгө чыгып, атаандашын жеңилүүгө дуушар кылган. Алардын кайра беттешүүсүн талап кылышканда, 1996-жылы 22-февралда Артуро эң сонун мушташты көрсөтүп, жеңишти толук камсыз кылган. Бул титулду коргоо үчүн Уилсон Родригэс менен беттешүүгө туура келип, бул уруш ага бир топ азапты алып келген. Көзүнөн катуу жараат алып, бирок оюнду токтотпостон, үстөмдүгүн көрсөтө баштаган Родригэсти алгач нокдаунга, андан кийин нокаутка жөнөткөн. Ушул беттешүү "1996-жылдын мыкты мушташы" деген сыйлыкка татыган.
Родригэстин артынан эле Фенициано Корреаны, Калвин Грувду жеңип алган. Атак-даңкка бир аз көбө түшкөн Артуро өзүнө-өзү ишенип, өзүн жеңилгис сезип, машыгууларга аз көңүл бура баштаганда Анжел Манфридден, андан кийин Айван Робинсондон жеңилүү ызасын тарткан. Айван Робинсонду кайра беттешүүгө чакырганы менен атаандашын толук байкаштырып бүткөн Айвандан баары бир утулуп калган. Ошондо гана эсине келген Артуро тез калыбына келип, рингдеги кийинки атаандаштары Рейес Муньосту, Жои Камачини, Эрик Якубовскини экинчи раунддарга жеткизбей талкалаган. Ал эми 2005-жылы 8-сентябрда жеңилгис Жо Хатчинсонду жеңгенден кийин Артуронун күчүнө ишенген анын штабы жаңылыштык кылып, Оскар Де Ла Хойя менен беттешүүгө макулдук берип коюшкан. Мындай атаандаш менен мушташууга даяр эмес экенин алгачкы раунддарда эле көрсөтө баштаганда Гатти тарап урушту токтотушкан.
Он айдан кийин гана рингге кайтып келген Артуро жеңил салмакта IBF чемпиону Тайрон Миллет менен беттешип, жеңишти камсыз кылган. Кийин Артуро Гатти бир нече ийгиликтүү беттештерди көргөн.
Ал эми 2009-жылы 11-июлда мушкердин сөөгү Бразилиянын Порту-де-Галиньяс курорттук шаарында табылган. Алгач өлүмгө шектүү деп анын жубайы Аманду Родригести кармашкан. Анткени мушкердин жанында андан башка киши болгон эмес. Бирок Амандуга каршы айыптар жетиштүү болбогондуктан, бошотулган. 2011-жылы кылмыш иликтөөчүлөр канадалык мушкер, дүйнөнүн экс-чемпиону Артуро Гаттинин өлүмү боюнча изилдөө иштерин аяктап, "өз жанын кыйган" деген тыянакты четке кагышкан. Бирко “табылган абалы "өзүн өлтүрдү" дегенге коошпойт” дегенден башка шектүү илинчек таба алышкан эмес.