21- Апрель 2010 -жылы Эл аралык Олимпиада комитетинин 7-президенти Хуан Антонио Самаранч көз жумган
Эл аралык Олимпиада комитетинин 7-президенти испаниялык Хуан Антонио Самаранч жүрөк оорусунан улам Барселонадагы ооруканалардын биринде көз жумган. 
Ал 1920-жылы 17-июлда Барселонада төрөлгөн. 1980-2001-жылдар аралыгында Эл аралык Олимпиада комитетин жетектеген. Хуан Антонио Самаранч “Москва-1980” Олимпиадасы жыйынтыкталган соң мөөнөтү бүткөн Лорд Килланиндин ордуна келген. Эл аралык Олимпиада комитетинде иштеген мезгилинде ал каржы маселесин жолго коюп, мелдештерге демөөрчүлөрдү таба алган. Андан тышкары телевизиондук тармакта ийгиликтүү иш алып барып, көрсөтүүлөрдү телеканалдарга сатуу менен ЭОКтун казынасына ири суммадагы каражат алып келип турган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан