14- Май 1927 -жылы Фрунзе шаардык суу түтүктөрүн куруш үчүн ачык соода өткөрүлгөн
Фрунзе шаардык суу түтүктөрүн куруу үчүн өткөрүлгөн ачык соода атаандаштык кырдаалда жүргөн. Борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна Кыргыз мамлекеттик курулушу менен шаардык түзөтүү мекемеси арыз талаптарын беришкен. Шаардык түзөтүү мекемеси суу түтүктөрүнүн курулушун абактагы адамдардын күчү менен арзан жана ылдам сала тургандыгын билдирген. 
Кыргыз мамлекеттик курулуш ишканасы борбор шаарды суу менен камсыздоо курулушуна жүздөгөн адамдар тартылып, жаңы жумушчу орундары ачылып, жумушсуздардын саны азаят деп ишендирген. Акырында курулуш иши Кыргыз мамлекеттик курулушка тапшырылып, эгер ишкана жумушчуларды эмгек биржасынан ала турган болсо, ага 154 145 рубль бөлүнө тургандыгы билдирилген. Бирок Шаардык кеңеште каражат табылбагандыгына байланыштуу суу түтүктөрүнүн курулушу белгисиз мөөнөткө калтырылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан