18- Апрель 1914 -жылы Тажик жазуучусу Фатех Ниязи төрөлгөн
Тажик жазуучусу Фатех Ниязи Самарканд шаарында төрөлгөн. 1929-жылы Самарканддагы Педагогикалык техникумду аяктап, ошол эле жылы Педагогикалык академияга тапшырган. Ал жакта окуп жүрүп "Ленин юли" гезитинде иштеген. Андан соң "Хакикати Узбекистан" гезитинде кабарчы болуп иштеп, 1934-жылы Дүйшөмбүдөгү "Газетаи муаллимон" жана "Точикистони сурх" гезиттеринин жооптуу катчысы болгон. 1941-жылы өз ыктыяры менен аскер кызматын өтөөгө кетип, фронтто да кабарчылыкты калтырган эмес. Согуштан кийин "Фрунзевец" гезитинде редактордун орун басары болуп иштеп, аны менен катар Ташкенттеги Мамлекеттик педагогикалык институтунун тарых факультетинде окуган. Чыгармачылыкка баш-оту менен 1979-жылдан баштап киришкен. Бирок 1930-жылдарда эле ыр жаза баштап, 1933-жылдан тартып "Маяк", "Күндүн ырлары" ("Песни дня"), "Сүйүү" ("Любовь") ж.б. ыр жыйнактары чыккан. Андан соң арты-артынан аңгеме, романдары жарык көргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан