реклама

14-май, 1942-жылы Кинорежиссёр, сценарист Геннадий Базаров туулган

Кыргызстан
Кинорежиссёр, сценарист, КРнын Эл артисти (1991-ж.), Кыргыз искусствосуна Эмгек сиңирген ишмер (1974-ж.) Геннадий Базаров Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылында туулган.
Геннадий Базаров 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүткөн.
Эмгек жолун 1959-жылы "Кыргызфильм" киностудиясында баштаган. Адегенде жумушчу, оператордун ассистенти, кийинчерээк режиссёрдун ассистенти болгон. Окуп жүргөндө кыска метраждуу "Намаз окуу" жана "Тыныгуу" аттуу киноновелла тарткан.
1967-жылы "Саманчы жолу" (сценарийин жазгандар: Ч.Айтматов, Б.Добродеев, И.Галанкин) фильмин дипломдук иши катары тасмага түшүрөт. "Буктурма" (1966, X.Булатов, Дегальцев, А.Шаршенова), "Көчө" (1973, М.Гапаров), "Биринчи" (1984, Г.Базаров, Л.Дядюченко), "Көз кареги" (1975, Л.Дядюченко) кинотасмаларды, "Бойго жеткендер үчүн баш калкалоочу жай" (1986), "Айың" (1989), "Аномалия" (1991) көркөм фильмдерди жана "Антракт" (1994), "Түндө" (1995) кыска метраждуу новеллапарды, документ фильмдерден "Искусство жөнүндө баян" (1974), "Жазуучу" (1980), "Чыңгыз Айтматов" (1980) жана башка тарткан.
Маданият жана искусствонун ишмерлери А.Токомбаева, Н.Байтемиров, А.Темирова, Г.Ажыбекова жана башка жөнүндө кинопортреттердин галереясын түзгөн. Андан сырткары Геннадий Базаровдун "Прикосновение к личности" (1986), "Пауза для размышления" (1985), "Гримаса" аттуу повесттери чыккан.
  (80 жыл мурун)
 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул окуяга кирди:

Окуялар:
9089;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2022 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев 39/7
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Посмотреть на карте Бишкека
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: