22- Апрель 1724 -жылы
Немис философу Иммануил Кант туулган
Немис философу Иммануил Кант Пруссияда Кенигсбергде туулган. Болочок философ эски прусс календарына ылайык ыйык Иммануил күнү туулуп, анын ата-энеси баланы ушул библиалык ысым менен аташкан. Иммануил ысмы "Кудай биз менен" деген маани берген.
Иммануил Кант көп учурда Платон менен Аристотелден кийинки эң ири философ катарында эсептелет. Мектепти бүткөндөн кийин, Кант Кенигсберг университетине кирет. Аны бүткөндөн кийин пруссиялык үй-бүлөөлөрдө жекече сабак берип, эмгек акы таап, бирок өз алдынча билим алуусун уланта берет. Диссертацияны ийгиликтүү коргоп, приват-доцент болот да, Кенигсберг университетинде ар түрдүү курстарда лекция окуйт. 1770-жылы ушул университеттин логика жана метафизика боюнча профессору болуп, өлөрүнөн үч жыл мурда, бошоп кеткенге чейин ушул кызматта иштеп турган.