16- Апрель 2011 -жылы
Экс-депутат Курсан Асанов ИИМдин түштүк аймагы боюнча орун басары жана Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кураторлук кызматын аткаруучу болуп дайындалган
Экс-депутат Курсан Асанов ИИМдин түштүк аймагы боюнча орун басары жана Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын кураторлук кызматын аткаруучу болуп дайындалган. Президент Алмазбек Атамбаев Курсан Асановду бул кызматка койгонунун себебин элдин милицияга болгон ишеничин кайтаруу, улут аралык ынтымакты сактоо максатында деп түшүндүргөн. Курсан Асанов Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттык мандатын тапшырып, “мага жүктөлгөн жоопкерчиликти кесиптик сыймык катары баалайм. Жүктөлгөн милдетти аткарууга даярмын”, - деп билдирген.