17- Апрель 1790 -жылы Америкалык саясий ишмер, элчи, окумуштуу Бенжамин Франклин кайтыш болгон
Америка Кошмо Штаттарынын түзүлүшүн негиздеген үч эң маанилүү тарыхый документке кол койгон жалгыз саясий ишмер, элчи, окумуштуу, 100 АКШ доллар купюрасынын сүрөт кожоюну Бенжамин Франклин 84 жашында Филадельфияда кайтыш болгон.
Америкалык ойчул, илимпоз, экономист, публицист Бенжамин Франклин 1706-жылы 17-январда Бостондо туулган. Ал эгемендиктин декларациясы жана АКШ Конституциясынын түзүүчүлөрүнүн бирден-бир өкүлү. Саясий көз караштары боюнча Франклин демократ болгон. Өзүнүн чыгармаларында Франклин кул ээлөөчүлүктү жана кул сатуучулукту кескин түрдө сындап, негрлердин жана индейлердин укугун коргогон. Франклиндин философиялык көз караштары Локк, Шефтсбери, У.Коллинз, Пристли сыяктуу ойчулдардын чыгармачылыгынын таасири астында калыптанган. Кыймылды материянын имманенттик касиети катары караган. Табиятта көз карандысыз мыйзам ченемдүүлүктөр бар деген пикирге кошулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан