21- Апрель 1971 -жылы Гаитинин алмашкыс президентине айланган диктатор Франсуа Дювалье көз жумган
1957-жылдан тарта Гаитинин алмашкыс президентине айланган диктатор Франсуа Дювалье 64 жаш курагында катуу оорудан кийин каза болгон. Ага алты ирет кол салуу болуп, алты жолу аман калган.
Гаити мамлекетин 14 жыл башкарган Франсуа Дювалье Вуду деген ишенимди алып жүргөн планетадагы жападан жалгыз президент болгон. Аталган ишеним боюнча ар айдын 22-числосунда бул ишенимдин арбактары аны коргоп турат имиш. Президенттигинин кийинки жылдары ал президенттик сарайдан 22-числодо гана чыгып турган.
Дювалье "Американын президенти Жон Кеннеди Вудунун каргышына калып өлгөн" деген. Анын буйругу менен Гаитидеги кара түстөгү иттердин баары өлтүрүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан