Америкалык актриса Жессика Альба Калифорния штатындагы Помона шаарында төрөлгөн. Жессика Альба 5 жашында эле "актриса болом" деп чечкен. 12 жашка чыкканында актёрдук курстарга барып, бир жылдан соң “Адашкан лагерь” фильминдеги биринчи ролуна ээ болгон. Алгач актрисаны жөн гана массовкага кошуп тартып жатышкан. Башкы ролду ойноочу кыз кокусунан ооруп калганда Жессти таланттуу болгону үчүн эмес, чачынын өңү башкаармандыкына окшош болгондугу үчүн гана бул ролго тандап алышкан.