Ханзаада Уильям менен Кэтрин Элизабеттин үйлөнүү тою болуп өткөн. 29 жаштагы ханзаада Уильям Артур Филипп Луис тойдон кийин ханыша чоң энесинин буйругу менен Кембридж герцогу, Стратерн (Шотландия облусу) графы, Каррикфергюс (Түндүк Ирландия району) барону болуп калган. Уильям – Ханзаада Чарльз Уэльский менен анын биринчи жубайы – ханбийке Диананын уулу, Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин небереси болгон.