Орусиянын алгачкы президенти Борис Ельциндин ден-соолугу кескин начарлап кетип, 76 жаш курагында дүйнө салган.
Борис Ельцин 1931-жылы 1-февралда Сибирдеги алыскы айылдардын биринде туулуп-өскөн. 30 жашында Коммунисттик партияга мүчө болуп кошулган Борис Ельцин өзү туулган Свердловск облусунда улам бир партиялык тепкичке көтөрүлүп отуруп, 1985-жылы ал кездеги ЦК КП төрагасы Михаил Горбачевдун колдоосу астында Москвага алынып келинген. Москва шаардык компартия башчысы болуп туруп, 1987-жылы компартиянын Борбордук комитетинин мүчөлөрүн ачык сындап, жыйындан чыгып кетип, кызматынан бошотулган.
Бирок 1990-жылдын май айында Орусиянын Жогорку Кеңешинин төрагасы болуп шайланып, андан бир ай өтүп-өтпөй СССРдин алкагында Орусия көз карандысыздыгын жарыялаган. Кийинки айда Ельцин компартиядан чыгып, бир жылдан кийин ал Орусиянын алгачкы президенти болуп шайланган. Борис Ельцин көпчүлүктүн эсинде 1991-жылдын август айында Советтер Союзун кайра тирилтмекчи болгон “ПУТЧ” деген атка конгон төңкөрүштү жеңип, Кызыл аянтта танктын үстүнө туруп алып сүйлөгөнү тарыхта калган.
Анын бийлиги тушунда Орусияда эки жолу мамлекеттик төңкөрүш боло жаздап, Чеченстанда эки ирет согуштук аракеттер башталган. Элдин баары 2000-жылды тосууга камданып жатканда, күтүүсүздөн өз бийлигин Владимир Путинге өткөрүп берип баса берген Ельцин: "Бүгүн мен силерге акыркы жолу Орусиянын президенти катары кайрылып жатам. Мен чечим кабыл алдым. Ага узак жана татаал ойлордон кийин бардым. Үстүбүздөгү кылымдын акыркы күнү мен кызматымдан кетип жатам",-деген.
Ушинтип 1999-жылдын акыркы күнү бийлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген Борис Ельцин андан бери Москванын четиндеги мамлекеттик дачада жашаган. Ал көптөн бери жүрөк оорусунан жабыр тартып, татаал операция да жасаткан. Борис Ельцин башкарган жылдар Орусия тарыхындагы эң татаал, опуртал учурлардын бири болгону алгачкы президент көз жумган соң анык сезилген.