1- Май 1912 -жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү Керимкул Орозалиев туулган
Керимкул Орозалиев Чүй облусуна караштуу Кант районунун Карл Маркс айылында туулган. Ал тарых илиминин кандидаты (1955), Кыргызстан илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (1974), Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекетинин сыйлыгынын лауреаты (1970) болгон. Керимкул Орозалиев КПСС БКга караштуу Жогорку партиялык мектепти бүткөн (1946). 1946-1955-жылдары партиялык жооптуу кызматта иштеген. Ал эми 1956-1987-жылдары Кыргызстан  илимдер академиясынын Тарых институтунун, Кыргызстан КП БКга караштуу Партия тарыхы институтунун директору болуп эмгектенген. Анын эмгектери КПСС, Кыргыз Республикасынын партиялык уюмдары менен Кыргыз мамлекетинин тарыхына жана улут, интернационализм маселелерине арналган. Керимкул Орозалиев 80ден ашык илимий эмгектин автору болгон. Эне-Сай Кыргыз каганатынын тарыхын жериген илимпоз болгондуктан, аны академик Түгөлбай Сыдыкбеков тарыхка бир беткей мамилеси үчүн олуттуу сынга алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан