1- Май 1912 -жылы
Философия илимдеринин доктору, профессор Асылбек Алтымышбаев туулган
Философия илимдеринин доктору (1961), профессор (1962), Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын академиги (1954) Асылбек Алтымышбаев Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районундагы Шалбаа айылында туулган.
Асылбек Алтымышбаев 1942-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүтүргөн.
Ал эми 1948-1949-жылдары Кыргызстан БКнын алдындагы республикалык партия мектебинин философия кафедрасынын башчысы, 1949-1950-жылдары СССР Илимдер академиясынын Кыргыз мамлекетиндеги филиалынын Тил жана тарых институтунун директору, 1950-1952-жылдары ошол филиалдын Президиумунун төрагасына биринчи орун басары, 1952-1954-жылдары Кыргызстан КП БКнын илим жана маданият бөлүмүнө башчы, Кыргыз өлкөсүнүн Илимдер академиясынын вице-президенти, 1954-1966-жылдары философия жана укук институтунун директору, 1966-1975-жылдары улук илимий кызматкери болуп иштеп, 1975-жылы ошол эле институттун директору болгон.
Алтымышбаевдын илимий эмгектери Орто Азия элдеринин социалдык маданиятынын калыптануу, өнүгүү мыйзам ченемдеринин кээ бир теориялык маселелерин, кыргыз элинин коомдук-саясий жана философиялык ой-пикиринин өнүгүү тарыхын изилдөөгө арналган. Анын социалдык маданий проблемалар, коомдук аң-сезимдин тарыхы жөнүндө көп эмгектери бар. Асылбек Алтымышбаев 60тан ашык илимий эмгектин автору болгон.
Асылбек Алтымышбаев "Эмгек Кызыл Туу" ардак белгиси, "Эл Достугу" ордени менен сыйланган.