5- Июль 1924 -жылы Парижде VIII Олимпиада оюндары старт алган
 Парижде VIII Олимпиада оюндары старт алган. Ага 44 өлкөдөн 3092 спортчу катышкан. Мында спорттун 18 түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөн. "Дүйнөнүн эң атактуу спортчусу" деп 2-жолу Пааво Нурми аталган. Ал 1500 м, 5000 м, 10000 м кросс жана марафон жүгүрүүлөрүндө 1-орунду ээлеп, 5 алтын медаль жеңип алган. Бул оюнда расмий эмес упай эсептөө жаңы системге салынган. Ал боюнча 1-орунга 7 упай, 2-орунга - 5, 3-гө - 4, 4-гө - 3, 5-ге - 2, 6-га - 1 упай берилген.
1-орунга АКШнын (625,5 упай менен 45 алтын, 27 күмүш, 27 коло медаль), 2-орунга Франциянын (277,5 упай менен 13 алтын, 15 күмүш, 11 коло медаль), 3-орунга Финляндиянын (265,5 упай менен 14 алтын, 13 күмүш, 10 коло медаль) спортчулары чыгышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан