4- Май 1929 -жылы
Англиялык актриса Одри Хепбёрн төрөлгөн
Англиялык актриса Одри Хепбёрн Бельгиянын Брюссель шаарында төрөлгөн. Теги англо-голландиялык болгон британиялык Одри Хепбёрнды көпчүлүк актриса жана фотомодель катары таанышат. 1953-жылы "Римдеги эс алуу" тасмасында жараткан ролу үчүн "Оскар", кийин ошол эле эмгеги үчүн "Алтын глобус" сыйлыктарына арзыган актриса капыстан оор дартка кабылган. 1992-жылы 1-ноябрда ага операция жасалып, бирок операция, көпкө созулган дарылануу да эч жардамын берген эмес. Ошентип, таланттуу актриса 1993-жылы 20-январда 63 жаш курагында көз жумган.